# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 25-октябрындагы, № 578-III " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Т.А.Акматбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнүн фактысын парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 25-октябрындагы, № 578-III " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Т.А.Акматбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнүн фактысын парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578-III
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-1419/edition/318665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/50375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 25-октябрындагы, № 578-III " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Т.А.Акматбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнүн фактысын парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (25.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50375

---

Бишкек шаары

2005-жылдын 25-октябры, № 578-III

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕїЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты

Т.А.Акматбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин

өлтүрүлүшүнүн фактысын парламенттик иликтөө боюнча

депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

Т.А.Акматбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Аппаратынын эки жооптуу кызматкеринин өлтүрүлүшүнүн фактысын

парламенттик иликтөө боюнча курамына төмөндөгү депутаттар кирген

депутаттык комиссия түзүлсүн:

Абдылдаев Н.Т.

Байболов К.К.

Исабеков К.С.

Коркмазов Х.З.

Масалиев И.А.

Сабиров А.А.

Урманаев С.И.

2. Депутаттык комиссиянын төрагалыгына А.А.Сабиров шайлансын.

3. Тийиштүү мамлекеттик органдар депутаттык комиссиянын иштеши үчүн

керектүү шарттарды түзсүн жана аларды зарыл керектүү документтер (анын

ичинде жашыруун мазмундагы документтер) менен камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- кызматтык милдетин аткаруу учурунда трагедиялуу курман болушкан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Т.А.Акматбаевдин

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратынын жооптуу

кызматкерлеринин үй - бүлө мүчөлөрүнө материалдык жана моралдык жактан

колдоо көрсөтүү маселесин чечсин;

- депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылсын.

5. Депутаттык комиссия 2005 - жылдын 15 - ноябрына чейин «Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 247 - статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна иликтөөнүн жыйынтыгы

боюнча негизделген корутундуну сунуш кылсын.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин

Төрагасы Ө.Текебаев
