# Казыбек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №5 ""Казыбек-Жеткинчек" балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Казыбек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №5 ""Казыбек-Жеткинчек" балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73495/edition/947131/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казыбек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №5 ""Казыбек-Жеткинчек" балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (10.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502929

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы

2018-жылдын 10-августу №5 «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 Токтомдун 6-беренесине ылайык Казыбек айылындагы «Казыбек - Жеткинчек» балдар-бакчасынын терезелерин алмаштыруу жана башка ремонт иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Казыбек - Жеткинчек» балдар- бакчасынын эскирген жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 54273 (элүү төрт миң эки жүз жетимиш үч) сом бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бухгалтери Э.Керималиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.

Тѳрага

Д. Кайыпов
