Казыбек айылдык кеңешинин «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2018-жылдын 10-августу №4 Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 Токтомдун 6-беренесине ылайык Казыбек айылындагы «Казыбек - Жеткинчек» балдар-бакчасына терезелерин алмаштыруу учун айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында , айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы «Казыбек - Жеткинчек» балдар- бакчасын эскирген жыгач терезелерин райондогу социалдык өнүктүрүү башкармылыгы менен бирге пластик терезелерге алмаштыруу жана эки эшик жасатуу үчүн 69 000 (алтымыш тогуз мин ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага
Д. Кайыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.