Сейдикум айылдык кеңешинин «Сейдикум айыл аймагынын Чек айылынын тургундарынын өтүнүчү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сейдикум айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 10-октябры №4 Сейдикум айыл аймагынын Чек айылынын тургундарынын өтүнүчү жөнүндө
Сейдикум айыл аймагынын Чек айылынын жашоочуларынын өтүнүчүн канаттандыруу максатында, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Чек айылынын тургундарынын өтүнүчүн канааттандыруу максатында, айыл чарба багытындагы жерлерден пайнап суу түшкөн жерди оңдоп түзөп,ошол жерди өздөштүрүп,балык чарба ачып,пайдаланууга жеке ишкер Абдырасулов Касымбекке берилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылы 17-июндагы №306-токтому менен бекитилген жобого ылайык иш алып барсын.
2. К.Абдырасуловко өздөштүрүүгө берилген жер участогу максаттык багытына жараша долбоордук-сметалык документтерде каралган иш-чаралар, айыл өкмөтү тарабынан бекитилсин
3. Сейдикум айыл аймагынын Чек айылындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайнап суу түшкөн жерди өздөштүрүп, убактылуу пайдалануучу К.Абдырасуловко,эгер үч жылдын ичинде долбоордук-сметалык документтерде каралган иш-чаралар аткарылбаса,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 17-июнундагы №306-токтому менен бекитилген жобонун,өздөштүрүүгө берилген жер участогуна укуктун токтолушу(IV-бөлүмүнун 31п) негизинде жана өздөштүрүүгө берилген жер участогу максаттык багытына жараша пайдаланбаса,К.Абдырасуловко пайдаланууга берилген токтом жокко чыгарылат.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Тѳрага
Б.Турсункулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.