# Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12.3
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73324/edition/944606/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому (04.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502758

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

2019-жылдын 04-февралы №12.3 Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Терек-Суу орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечимине жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечими жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.

2. «Терек-Суу» орто мектебине Терек-Суу айылынын тургуну Акун Турганбаевдин аты ыйгарылсын жана Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы «Терек-Суу» орто мектеби деп аталсын.

3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинен суралсын.

Тѳрайымы

П.Сайдилканова
