Капчыгай айылдык кеңешинин «Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2019-жылдын 04-февралы №12.3 Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Терек-Суу орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечимине жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечими жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
2. «Терек-Суу» орто мектебине Терек-Суу айылынын тургуну Акун Турганбаевдин аты ыйгарылсын жана Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы «Терек-Суу» орто мектеби деп аталсын.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинен суралсын.
Тѳрайымы
П.Сайдилканова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 {*токтому:59463} менен…Положение · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон