# Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.2 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.2 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12.2
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73323/edition/944604/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.2 "Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө" токтому (04.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502757

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

2019-жылдын 04-февралы №12.2 Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн таштанды жыйымын күчүнө киргизүү жана 75-беренесинин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын салыгын,76-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык төлөө мөөнөтүн бекитип берүү,89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым өлчөмү,тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн 100-берененин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктап берүү жөнүндөгү Капчыгай айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жылдын 1-январынан күчүнө киргизилсин.

2. 75-берененин жана 76-берененин 1- жана 2-бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жыл үчүн бир жашоочуга 10 (он) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10 сомго ,76-берененин 3-бөлүгүнүн негизинде төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен,эсеп маалыматтарын берүү.

3. 89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жандыкка 8 (сегиз) сом,,ийри мүйүздүү малга 40 (кырк) сом,жылкыга 40 (кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин,төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Арзи у.Азизбекке милдеттендирилсин.

Тѳрайымы

П.Сайдилканова
