Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жумгал айылдык кеңешинин «Жумгал айыл ѳкмѳт башчысынын шайлоо жѳнүндѳ» токтому
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры №9 Жумгал айыл ѳкмѳт башчысынын шайлоо жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7- беренелеринин,«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январдагы № 3-токтому менен бектилген «Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы 202 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 21-ноябрь күнү белиленгендигине байланыштуу, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо АШК нын жыйынтыгынын негизинде Жумгал айыл ѳкмѳт башчысына койгон талапкер толук кандуу добуш ала албай калды.
2. Жумгал айылдык кенешинин сессиясына катышкан жалпы депутаттар 11 Макул-5 каршысы- 6
3. Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын кѳпчүлүк добушуна ээ болбогондугуна байланыштуу Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы шайланган жок.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жана тиешелүү жерге маалымат берүү жагы, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.
Тѳрага
Т.Айтбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (1)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун…Постановление · 02.11.2018 · № 202
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон