Ынтымак айылдык кеңешинин «Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижа-рага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30–протоколу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ынтымак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 29-декабры №3 Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижа-рага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30–протоколу жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30 –протоколун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-13-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145-мыйзамына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартында бектилген №169-токтомуна ылайык Ынтымак айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каримберди бөлүмүнө курулууга долбоорлонгон канал куруу үчүн «Айыл чарба багы-тындагы жерлер» категориясынан 1,59 га таштуу жайыт жерлерин «Суу фондусунун жер-лери» категориясына (трансформациялоо) которуп берүү жагы Ноокат райондук мамле-кеттик администрациясынан суралсын.
2. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалы-гынан суралсын.
3. Каримберди бөлүмүнө курулууга долбоорлонгон каналга архитектуралык документте-рин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы-нан суралсын
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшы-рылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага
А. Абдикулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон