# Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №8 "Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №8 "Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73231/edition/942112/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №8 "Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө" токтому (11.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502665

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2019-жылдын 11-февралы №8 Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө

Ала-Бука райондук архивинин башчысы Т.Дуулатованын 14.12.2018-жылдагы № 01-28/67 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Райондук мамлекеттик архивдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, архив ишин жакшыртуу тууралуу КР Өкмөтүнүн 29.04.2002-жылдагы №264 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом каражат ажыратып, материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.

Тѳрага

Н.Жакыев
