# Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы №19/2 "Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы №19/2 "Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/2
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73048/edition/1011533/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы №19/2 "Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө" токтому (21.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502482

---

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2019-жылдын 21-февралы №19/2 Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө

Талаа-Булак айылдык Кеңешинин XV-сессиясынын Талаа-Булак айылдык округунун айыл чарба багытындагы жер аянтарттарынан (КБФнун сугат жерлерин) калктуу конуш басып калган жана калктуу конуштун чегин кеңейтүү максатында жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө 20.02. 2008-ж №15/6 токтомунун негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талаа-Булак айылдык Кеңешинин 20.02.2008-ж XV-сессиясынын . №15/6 токтому эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлер жарактуу жерлердин башка категорияларына жана төрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганга чейин калктуу калктуу конуш жерлерин кеңейтүүгө сунуш кылынган

№

Участканын аталышы

контур №

жердин түрүү

жалпы аянт контур боюнча (га)

сунуш талган аянт (га)

жайгашкан айыл

1

Салык

1150

айдоо

8,4

8,30

Комсомол

2

Гараж

1150

айдоо

101,0

24,7

Комсомол

3

Канал алды

1130

айдоо

44,5

10,0

Комсомол

4

№19

1111

айдоо

63,3

3,0

Комсомол

5

Чомпуш

835

айдоо

32,7

5,40

Дөң-Алыш

6

Кадыр 60

770

айдоо

58,6

6,0

Дөң-Алыш

7

Уй сарай

769

айдоо

14,7

9,5

Дөң-Алыш

8

Жол алды

948

айдоо

49,2

17,0

Дөң-Алыш

баары

83,9

КБФнын жалпы 83,9 га сугат айдоо жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин” бекитүү тууралуу 2018-ж. 31.10. №512 токтомунун негизинде калктуу конушка которууга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына Кочкор райондук жер комиссиясына сунуштоо жагы тапшырылсын

Тѳрага

Р.Эсекеев
