# Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №169 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №169 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73047/edition/936838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/502481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №169 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502481

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 19-февралы №169 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө №142 токтомун, 2018-жылдын 28-ноябрындагы №79 жазма буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасынын 2019-жылдын 8-февралындагы №01-7/72 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктунун акыркы абзацындагы кашаанын ичинде жайгашкан «мекеме-уюмдарында» деген сүйлөм кашаасы жок «менчигинин түрүнө карабастан» деп өзгөртүлсүн: -Жобонун II бөлүмүнүн 10-пунктундагы «бештен ашпаган» деген сүйлөм алынып салынсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Ормонов
