Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеӊешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы “Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” №114 токтому менен бекитилген «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №166 Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы “Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” №114 токтому менен бекитилген «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 11-февралындагы №129-08-13 Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы №114 “Ош шаарындагы муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” токтому менен бекитилген Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.1. жана 4.2. пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 11-февралындагы отурумунун №10 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы “Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” №114 токтому менен бекитилген «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Пункт 4.1. өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: “Сынактык комиссия комиссиянын төрагасынан, тең төрагасынан жана мүчөлөрүнөн турат”. Пункт 4.2. өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: “Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын Ош шаарынын мэриясы бекитет”.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.
3. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.