# Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №165 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №165 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73043/edition/935813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/502477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №165 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502477

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 19-февралы №165 Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 23-январындагы №58/08-13, Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 токтомунун 1-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №6 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилсин.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.

3. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Ормонов
