# Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №163 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №163 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №163 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №163 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73041/edition/935809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/502475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №163 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №163 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502475

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 19-февралы №163 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №163 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 30-январындагы №88/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 токтомунун 1-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №9 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтому менен бекитилген 1-тиркемедеги «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө» Жобонун 2.1. пункту өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:

“2.1.Комиссия Ош шаарынын мэриясы тарабынан төмөндөгүдөй курамда түзүлөт: -Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү; -Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү; -Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлдөрү. Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн”.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.

3. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтому менен бекитилген №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №125 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Ормонов
