Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеӊешинин «Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин өзгөртүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №160 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №859/08-13 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 (элүү) пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн жол акысын 10 (он) сом өлчөмүндө белгилөө жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 24-январындагы отурумунун №1 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин өзгөртүү жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219