Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеӊешинин «Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №159 Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдагы иш планына ылайык, Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С.Шерматованын, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы С.Абдуллаевдин, Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин башкы дарыгери А.Осмоналиеванын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 5-февралындагы отурумунун №1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С.Шерматованын, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы С.Абдуллаевдин, Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин башкы дарыгери А.Осмоналиеванын маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин ишмердүүлүктөрүн көзөмөлгө алуу; -мыйзам чегинде, Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборун өз алдынча шаардык борбор катары түзүү боюнча иш алып баруу; -шаардын кичи райондоруна эт, сүт сатуучу павильондорду, муниципалдык аймактык башкармалыктарга ветеринардык кааналарды дарыканалары менен уюштуруу; -Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинине заманбап «санитардык өтмө» куруу жана атайын дезинфекциялоочу (ДУК) автоунаасын жаңылоо маселесин кароо сунушталсын.
3. Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (С.Шерматова):
-Ош шаарындагы Алиев көчөсүнүн №153 дарегинде жайгашкан Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидиемиологиялык көзөмөлдөө борборунун административдик имаратындагы кызматкерлерди Байтемиров көчөсүндөгү №53 имаратка тез аранын ичинде толугу менен көчүрүү; -борбордун ичинде орун алган кемчиликтерди жоюу жана иштин сапатын жогорулатуу; -мите курт оорулары боюнча бөлүмүнүн кызматкелеринин жоопкерчилигин күчөтүү; -шаарда санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып баруу; -шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги, мектептердеги жана балдар бакчаларындагы тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө; -тез бузулуучу, үй шартында даярдалган жана сактоо мөөнөтү бүткөн азыктардын тамак-аш катары колдонууга жараксыздыгын өз учурунда аныктоо милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына ( С.Абдуллаев):
-шаардагы эпизоотиялык абалды жана тамак-аш коопсуздугун туруктуу кармоодо ветеринардык-санитардык экспертиза лабораторияларынын иштеринин сапаттуулугун күчөтүү; -шаардын калкын таза азык-түлүк менен камсыздоодо атайын экспертизадан өткөрүү иштерин өз мөөнөтүндө аткаруу; -шаардын аймагында жайгашкан мал союлуучу жайлардын иш-аракеттерин Евразиялык Экономикалык Биримдиктин талабына ылайыкташтыруу менен жугуштуу оорулардын күчөп кетишинин алдын алуу милдеттендирилсин.
5. Ош шаарынын мамлекетик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесине (А.Осмоналиева):
-шаардын бардык аймактарында мекеме-ишканалар, борбордук базар, тамак-аш мекемелери менен өз убагында келишимдерди түзүп, тиешелүү убакта профилактикалык дезинфекциялоо, дезинфекциялоо жана дератизациялоо иштерин үзгүлтүккө учуратпай толугу менен жүргүзүү; -шаардагы кооптуу деген аймактарда кошумча дератизациялоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу үч айдан кийин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясында каралсын.
7. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219