# Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №158 "Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №158 "Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73036/edition/935799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/502470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №158 "Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502470

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 19-февралы №158 Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы № 1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):

- Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну тездетүү максатында долбоорлочунун иш планынын негизинде акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыздоо;

- Ош шаарынын Башкы планынын негизинде Ош шаарынын аймагына кошумча кире турган жер тилкелеринин схемасын аныктоо жумуштарын ишке ашырууну колго алуу;

-Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү үчүн курамы Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү тапшырылсын.

3. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Жолдошов) буюртмачынын расмий өкүлү катары Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун даярдоону, кошумча жер тилкелерин аныктоо жумуштарын тездетүү тапшырылсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Ормонов
