# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-8
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72923/edition/935543/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (30.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502357

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы

2019-жылдын 30-январы №11-8 Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы ГЭС каналдын жээгиндеги аты жок ички көчөгө эмгек ардагери маркум Молдокалов Маткасымдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 25-ноябрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Молдокалов Маткасымдын ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Молдокалов Маткасым атындагы көчө деп аталсын.

3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тѳрага

А.Маканбаев
