# Чаткал айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 22-июнундагы №3 "ОсОО Сарыджаз Ресурс" ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаткал айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 22-июнундагы №3 "ОсОО Сарыджаз Ресурс" ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72865/edition/935423/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаткал айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 22-июнундагы №3 "ОсОО Сарыджаз Ресурс" ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому (22.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502299

---

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2017-жылдын 22-июну №3 “ОсОО Сарыджаз Ресурс” ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө

Чаткал айыл аймагына караштуу Рават участкасынан 634,2 га жер аянтына кен байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап КРнын Жер кодексинин 28-3 беренесинин,КРнын Өкмөтүнүн 12.04.2006-ж. № 261 токтомунун жана “ОсОО Сарыджаз Ресурс” ишканасына берилген № 5319 АП лицензиясынын негизинде Чаткал айылдык кенешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ОсОО“Сарыджаз Ресурс” ишканасына Чаткал айыл аймагына караштуу Рават участкасынан 634,2 га жер аянтына кен байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери КРнын Мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Эргеш уулу У.
