# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) "Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) "Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2019-П-07/10-2-(ДКП)
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-581/edition/1081133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/502260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) "Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу" токтому (09.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-марты № 2019-П-07/10-2-(ДКП) Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 18-декабрындагы № 2019-П-07/64-3-(ДКП), 2020-жылдын 30-мартындагы № 2020-П-07/18-2-(ДКП), 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП), 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Банктар үчүн милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин:

1) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде;

2) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча - армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде;

3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 14,00 пайызы деңгээлинде;

4) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенмелери боюнча, - ошол милдеттемелерди эсептөө базасында камтылган сумманын нөль пайызы деңгээлинде.

2. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн багытталган камдык активдердин төмөнкү курамы бекитилсин:

1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары;

2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери;

3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП) токтомунун редакциясына ылайык) 2-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн камдык активдердин курамына камтылган активдердин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин:

1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары үчүн - ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде;

2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери үчүн - ушул пунктчада көрсөтүлгөн активдердин жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде;

3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары үчүн - ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы суммасынан 30,00 пайыз деңгээлинде.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП), 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2-2. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, отчетторду даярдоого чейинки мурунку күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан АКШ долларынын сомго карата белгиленген расмий кросс-курсу аркылуу эсептелген, баалуу Лондон металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелинсин. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомунун редакциясына ылайык)

3. Тиешелүү мезгил аралыгына белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли 70,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-мартындагы № 2020-П-07/18-2-(ДКП) токтомунун редакциясына ылайык) 3-1. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын, банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин эсебинен милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли күндөлүк негизде аткарылсын. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомунун редакциясына ылайык)

4. Банктардын милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени нөл пайыз деңгээлинде белгиленсин.

5. Милдеттүү камдык талаптар аткарбагандыгы үчүн банктарга Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги эсептик ченинин орточо үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин.

6. Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн банкка Улуттук банктын тиешелүү күнгө карата эсептик ченинин үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин.

7. Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн колдонулган милдеттенмелердин тизмеги (кошо тиркелет) бекитилсин.

8. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын:

- 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/2 "Милдеттүү резервдик (камдык) талаптарды сактагандыгы үчүн банктарга компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн кайра кароо тууралуу";

- 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/3 "Милдеттүү резервдерди эсептөө үчүн колдонулган милдеттемелердин тизмегин бекитүү тууралуу";

- 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 "Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө";

- 2014-жылдын 8-декабрындагы № 54/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 "Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө";

- 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07-45-4-(ДКП) "Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу".

9. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

10. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом менен банктарды тааныштырсын.

11. Токтом 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

12. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтомуна карата тиркеме

Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн банктардын милдеттенмелеринин ТИЗМЕГИ(\*) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 18-декабрындагы № 2019-П-07/64-3-(ДКП) токтомунун редакциясына ылайык)

№

Милдеттенмелердин түрү

Көрсөткүч коду

Көрсөткүчтүн аталышы

1

Эсептешүү эсептери

2011

Башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү эсептери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)

2012

Коммерциялык уюмдардын эсептешүү эсептери

2013

Коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептери

2014

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери

2016

Резидент эмес юридикалык жактардын эсептешүү эсептери

2017

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун эсептешүү эсептери

2018

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин эсептешүү эсептери

2019

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери

2

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер

2022

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)

2023

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2024

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2025

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2027

Резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2028

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2029

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

2030

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

3

Мөөнөттүү депозиттер

2032

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)

2033

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү депозиттери

2034

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү депозиттери

2035

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери

2037

Резидент эмес юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери

2038

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун мөөнөттүү депозиттери

2039

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин мөөнөттүү депозиттери

2040

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери

4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Социалдык фондусунун жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери

2041

Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсептери

2042

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери

2043

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун депозиттери

2044

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин депозиттери

2045

Жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери

2046

Башка Өкмөттүк мекемелердин депозиттери

5

Талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2211

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2212

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2213

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2214

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2215

Резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2216

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2218

Резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

6

Мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2221

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2222

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2223

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2224

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2225

Резидент эмес юридикалык жактардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2226

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

2228

Резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

(\*) Эсептөө базасына кирүүчү милдеттенмелердин тизмегинде банктардын депозиттери эске алынбайт.
