Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жумгал айылдык кеңешинин «Жумгал айыл аймагында айдоо жерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө» токтому
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 07-декабры №10/1 Жумгал айыл аймагында айдоо жерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомундагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлѳрүнѳ которууга (трансформациялоого) мороторий киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнѳ киргенге чейин жеке турак үйлѳр курулуп калган же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же аладрдын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жѳнүндѳ токтомунун негизинде Жумгал айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагында калк отрукташып калган, Жумгал айылындагы участок Жаны Конуш №1432 контрунда-4,2 га, № 1440 контрундагы сугат-7,8 га жана Лама айылындагы участок Келечек № 1224 контрунда жайгашкан короо-жай аянты-4,8 га баардыгы-16 га жерди калктуу конушка которууга (трансформация) кылууга сунушталсын
2. Бул токтомдун негизинде, трасформацияга тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Турсунов Улан Жалиловичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жана тиешелүү жерге маалымат берүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.
Тѳрага
Т.Айтбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого)…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон