# Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-февралындагы №2 "Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-февралындагы №2 "Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/502031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72600/edition/930433/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 05-февралындагы №2 "Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө" токтому (05.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/502031

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы

2019-жылдын 05-февралы №2 Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына 3 кызматтык (нөөмөттүк) автоунаа каралган жана 10 жылдан ашык убакыт пайдаланган автоунааларды сатып алууга тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

Тѳрага

Ж.Ботоканов
