Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2019-жылдын 05-февралы №2 Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына 3 кызматтык (нөөмөттүк) автоунаа каралган жана 10 жылдан ашык убакыт пайдаланган автоунааларды сатып алууга тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Тѳрага
Ж.Ботоканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон