# Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 06-декабрындагы №21/2 "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 06-декабрындагы №21/2 "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/2
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72408/edition/930051/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 06-декабрындагы №21/2 "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (06.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501839

---

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХI сессиясы

2018-жылдын 06-декабры №21/2 Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобо бекитилсин жана жобого ылайык иш алып баруу, түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин (тиркеме № 2).

2. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алсын жана аткарылышы камсыз кылсын, жылына бир жолу аткарылган иштери тууралуу айылдык Кеңештин отурумуна отчет берсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Тѳрага

С.Жээналиев
