# Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/11
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72361/edition/929956/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (19.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501792

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXIV отуруму

2018-жылдын 19-декабры №24/11 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсунга көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсунга өзүнүн огородуна туташ жерден убактылуу 5 жылдык мөөнөткө, 0,06га жер аянты көрктөндүрүү үчүн чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.

Тѳрага

Т.Маназаров
