Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сүлүктү шаардык кеңешинин «Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде башталгыч класстардын жана балдар бакчаларында балдардын ысык тамагынын уюштурулушу жана сапаты жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2018-жылдын 21-декабры №82 Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде башталгыч класстардын жана балдар бакчаларында балдардын ысык тамагынын уюштурулушу жана сапаты жөнүндө
Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде башталгыч класстардын жана балдар бакчаларында балдардын ысык тамагынын уюштурулушу жана сапаты жөнүндө шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 673 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин:
- Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде башталгыч 1-4-класстардын окуучулардын санын аныктоо
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендердик шарттарда тамак-аш азыктарын сатып алуулардын уюштурулушун көзөмөлгө алуу
- окуучулардын тамак-ашын уюштуруу, анын ичинде мектептерди тиешелүү идиш-аяк, муздаткыч, стол, отургучтар жана башка ашкана жабдуулары, азыктарды сактоо үчүн жай менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүүү
- шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жана балдар бакчаларында тамак-аш уюштурууда тийиштүү санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу
2. Шаардагы балдар бакчаларында балдардын ысык тамагынын уюштурулушун жана сапатын көзөмөлдөө шаардык билим берүү бөлүмүнөн жана ата энелер комитеттеринен суралсын
3. Шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде башталгыч класстардын жана балдар бакчаларында балдардын ысык тамагынын уюштурулушу жана сапатын кароо учурундагы аныкталган кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча иш алып барылсын жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеӊешке маалымат берилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тѳрага
К.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 673
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Положение · 18.09.2006 · № 673
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон