Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Арт айылдык кеңешинин «Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө» токтому
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2018-жылдын 05-июлу №1 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум, өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2018-жыл 21-июнундагы №129-токтомуна негиздеп Көк-Арт айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп айылдык кеңешинин 21 (жыйырма бир) депутаттарынын ичинен 15 (он беш) депутатынын макул деген добушун алган Кулматов Эделбек Маматкулович шайлансын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага
Н.Жолдошов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон