Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык кеңешинин «Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2018-жылдын 24-декабры №168/28-7 Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 14.12.2018-жылдагы №01-3/1831 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого карата төмөнкү сметалык суммасы 2 774 040 сомду түзгөн Талас облустук үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук системасын ондоо, сметалык суммасы 3 639 045 сомду түзгөн Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин айнектерин металлопластикага алмаштыруу, 2 333 692 сомго А.Абдуллаев атындагы №6 орто мектебинин айнектерин металлопластикага алмаштыруу жана сметалык суммасы 3 756 285 сомду түзгөн Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектебин капиталдык ондоп түзөө жөнүндө жалпы 4 долбоор сунушталсын жана алардын 25 пайыз өздүк салымы Талас шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага
М.Есенкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген)Положение · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон