# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1-5
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71828/edition/924418/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (09.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501256

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы

2017-жылдын 09-январы № 1-5 Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизинде сессия ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Алимбековго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Чукетаевге милдеттендирилсин.

Тѳрага

Мамыралы у Б.
