# Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №94 "Бердике баатыр өкмөтүнүн Козучак айылынын тургуну Сманалиева Назгул Мейманбековна «Эне Даңкы» медалына сунуштоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №94 "Бердике баатыр өкмөтүнүн Козучак айылынын тургуну Сманалиева Назгул Мейманбековна «Эне Даңкы» медалына сунуштоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71815/edition/922092/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №94 "Бердике баатыр өкмөтүнүн Козучак айылынын тургуну Сманалиева Назгул Мейманбековна «Эне Даңкы» медалына сунуштоо жөнүндө" токтому (21.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501243

---

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 21-ноябры №94 Бердике баатыр өкмөтүнүн Козучак айылынын тургуну Сманалиева Назгул Мейманбековна «Эне Даңкы» медалына сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 жарлыгына жана «Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 Мыйзамына таянып, Бердике баатыр айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн Козучак айылынын тургуну, алты баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн Сманалиева Назгул Мейманбековна «Эне Даңкы» медалы менен сыйлоого сунушталсын.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Тѳрага

М.О. Исаков
