# Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №4 "Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына ысым берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №4 "Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына ысым берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71668/edition/918444/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №4 "Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына ысым берүү жөнүндө" токтому (07.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501096

---

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2018-жылдын 07-декабры №4 Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына ысым берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына Социалдык Эмгектин Баатыры маркум Исаев Шаршенин ысмы ыйгарылсын жана “Исаев Шарше” атындагы парк деп аталсын.

2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

Тѳрага

Т. Кожогелдиев
