# Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №26 "Жергетал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №26 "Жергетал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71650/edition/918408/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №26 "Жергетал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (03.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501078

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 03-августу №26 Жергетал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Жергетал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Молдояров
