# Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №25 "Жергетал айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №25 "Жергетал айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71649/edition/918406/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №25 "Жергетал айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому (03.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501077

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 03-августу №25 Жергетал айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, обройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык таратптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Жергетал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин этикалык кодексине ылайык иштелип чыккан Жергетал айылдык кеңешнин этика кодекси бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун базары Жылкыбаев Жоомартка жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Молдояров
