# Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71648/edition/918404/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому (03.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501076

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 03-августу №24 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Жергетал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмо жетекчиликке алынсын

2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары Усулдук колдонмонун негизинде иштелип чыгып бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Молдояров
