# Коңорчок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июлундагы № 6/6 "Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Коңорчок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июлундагы № 6/6 "Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/6
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5437/edition/768610/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коңорчок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июлундагы № 6/6 "Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ" токтому (13.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50107

---

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 13-июлу № 6/6 Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин 2016-жылдагы түзүлгѳн иш планы жана сметасы бекитилсин.

· Коңорчок айыл округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2015-жылдагы аткарылган иштеринин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин мал эсебин тактап учетко алуу жагы боюнча жаны түзүлгѳн комиссиянын курамы бекитилсин.

· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин жайыт пайдалануу боюнча жылдык планы бекитилсин.

· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин тѳрагасы, бухгалтерине түзүлгѳн сметасына ылайык эмгек акы тѳлѳѳ жагы бардык тѳлѳмдѳрдѳн тышкары бекитилсин.

· Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жѳнүндѳгү келишимде кѳрсѳтүлгѳн баардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү, жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алынсын.

· Айыл округу тарабынан бериле турган бардык малдарга тиешелүү справкалар (ветеринардык, мал сатууга, кредит алууга ж.б.) жайыт комитетинин макулдугу менен берилүүсү Конорчок айыл округунун жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

· Жайыт акыларынын ѳндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мындан ары жайыт мыйзымынын чегинде иштерди жүргүзүү жагы Жайыт комитетинин мүчѳлѳрүнѳ, Ж/К не жана айыл округуна милдеттендирилсин, жыйынтыгы ар бир жарым жылда жалпы элдик чогулушта угулсун.

· Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрь №254 мыйзамында корсотулгондой 3-берененин 3-пунктунун негизинде келишимдерди түзүү Ж/К аркылуу жүргүзүлсүн.

· Милдеттендирилсин: Айыл ѳкмѳт башчысына, жайыт комитетинин тѳрагасына,

· жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчѳлѳрүнѳ, вет. адистерине.

Төрага

Байыш у У.
