# Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №17 "Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №17 "Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71642/edition/917704/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №17 "Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501069

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

2018-жылдын 03-апрели №17 Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасында» жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, карап, талкуулап чыгып Жергетал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айыл аймагында кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген реестирдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Молдояров
