# Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71606/edition/917632/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому (31.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501033

---

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Маймак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2017-жылдын 31-марты №1 Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Маймак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 15-мартындагы жалпы чогулушунун чечиминин негизинде максаттуу жумшоо багытында Маймак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Маймак айылына жаңыдан таза суу берүү системасын толугу менен орнотуу үчүн скважина, хлоратор, резервуар курууга уруксат берилсин

2. Жогоруудагы аталган курулуштарды куруу үчүн Талас облусундагы өнүктүрүү фондунан жалпы сметалык баасы 2,725035 сом акча каражаты суралсын.

3. 2017-жылдын 15 мартындагы Маймак айыл тургундарынын жыйынынын негизинде Маймак айылына таза суу киргизүү үчүн төмөнкү курамдагы демилгелүү топ бекитилсин.

1. Абдраимов Нарбек –топтун төрагасы

2. Нусубалиева Бурулкан Береновна -мүчө

3. Кудайбергенов Джусупбек - мүчө

4. Атчабарова Сулухан - мүчө

5. Ташибекова Айнагуль -мүчө

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Абдраимовго тапшырылсын.

Тѳрага

Д. Кудайбергенов
