# Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №102 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын “Жибек-Жолу” көчөсүн жарыктандыруу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №102 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын “Жибек-Жолу” көчөсүн жарыктандыруу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/501014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71587/edition/917472/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №102 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын “Жибек-Жолу” көчөсүн жарыктандыруу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (15.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/501014

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясы

2018-жылдын 15-ноябры №102 Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын “Жибек-Жолу” көчөсүн жарыктандыруу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Самаркандек айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып жаткан “Жибек-Жолу” көчөсүнө жарыктандыруу курулушуна салым кошуу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

4. Самаркандек айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып жаткан “Жибек-Жолу” көчөсүнө жарыктандыруу курулушуна 800000,0 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

5. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына берилсин.

Тѳрага

А. Пирматов
