# Петровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №64-2 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №64-2 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64-2
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/500941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71514/edition/917326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/500941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы №64-2 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жөнүндө" токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/500941

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Петровка айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын иреттеги ачык ХV сессиясы

2018-жылдын 18-сентябры №64-2 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын башкаруулардын Союзунун 2018-жылдын 23- августунун № 104/18 сандуу катын аткаруу боюнча, Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып , талкуулап, Петровка айылдык кенеши ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Петровка айыл окмоту Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берелсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Астаров Д.Б.-га жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Уразбакиева
