# Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 42-6 "Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 42-6 "Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42-6
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5423/edition/768556/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 42-6 "Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (25.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50092

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

2017-жылдын 25-январы № 42-6 Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө 2013-жылдын 6-июнундагы кара малдарды идентификациялоо жана "Ветеринария" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, 2014-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №694-токтому менен бекитилген Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринин негизинде пилоттук район болуп тандалип, аталган долбоордун үстүндө иш алып барылуусуна байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун аймагында малды идентификациялоо, малга идентификациялык номерди берүү тартибин жүргүзүү жана уюштуруу боюнча 2017-жылдын 17-январында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлгөн жыйындын №1-протоколун аткарууга алуу максатында, ар бир малдын кулагына бирка тагуу үчүн кызмат акы алуу каралган. Ноокат шаарынын аймагында малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызматкерлерге ар бир мал үчүн 30 сомдон акы берүү көрсөтүүлгөндүгү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын 24-январындагы №01-15ү8 сураныч катын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагында идентификациялоо жүргүзү боюнча малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызмат көрсөткөдүгү үчүн малды ээси тарабынан ар бир мал үчүн 30 сомдон төлөп берүүсүна макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу.

Төрага

А. Гафаров
