# Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-январындагы № 3-1 "Мирмахмудов айыл аймагындагы ири мүйүздүү кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-январындагы № 3-1 "Мирмахмудов айыл аймагындагы ири мүйүздүү кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3-1
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5416/edition/768542/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-январындагы № 3-1 "Мирмахмудов айыл аймагындагы ири мүйүздүү кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50085

---

МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2017-жылдын 27-январы № 3-1 Мирмахмудов айыл аймагындагы ири мүйүздүү кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө 2013-жылдын 6-июнундагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жана «Ветеринария» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары , 2014-жылдын 5-декабрндагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №694-токтому менен бекитилген Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринин негизинде пилоттук район болуп тандалып, аталган долбоордун үстүндө иш алып барылуусуна байланыштуу Ош облусунун Нооокат районунун аймагында малды идентификациялоо, малга идентификациялык номерди берүү тартибин жүргүзүү жана уюштуруу боюнча 2017-жылдын 17-январында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлгөн жыйындын №1- протоколун аткарууга алуу максатында, ар бир малдын кулагына бирка тагуу үчүн кызмат акы алуу каралган. Мирмахмудов айыл аймагында малдардын кулагына биркаларды тагуу үчүн тийиштүү кызматкерлерге ар бир мал үчүн 30 (отуз) сомдон акы берүү көрсөтүлгөндүгү жөнүндөгү Мирмахмудов айыл аймагынын 2017-жылдын 26-январындагы № 7 буйругу жана Мирмазмудов айылдык кеңешинин бюджет , финанс, экономика , соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4- бөлүгүнө ылайык Мирмахмудоа айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мирмахмудов айыл аймагында идентификациялоо жүргүзүү боюнча малдардын кулагына биркаларды тагуу үчүн тийиштүү кызмат көрсөткөндүгү үчүн малды ээси тарабынан ар бир мал үчүн 30 сомдон төлөп берисин.

2. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБ бөлүмүнө жүктөтүлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

И. Исмоилов
