# Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/1
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/500786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71360/edition/917018/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (26.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/500786

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2017-жылдын 26-декабры №10/1 Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө

«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Ресапубликасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2018-жылга 14355,3 миң сом , анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом , 2019-жылга жана 2020-жылга бекитилсин.

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 230,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 154,0 миң сомго жана башка транспорт каражаттарын сатып алуу үчүн 700,0 сом акча каражаты Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинен бекитилсин .

3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппарата иштеген кызматкеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 26, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэфциентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

4. 2018-жылга бекитилген бюджети аткарууда Жаңы-Арык айылдык окуругу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү,толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

Ж.Осумбеков
