# Айдаркен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 08-июлундагы №37 "Айдаркен шаар мэриясынын муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин тузүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Айдаркен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 08-июлундагы №37 "Айдаркен шаар мэриясынын муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин тузүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/500576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71150/edition/910984/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айдаркен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 08-июлундагы №37 "Айдаркен шаар мэриясынын муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин тузүү жөнүндө" токтому (08.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/500576

---

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы

2016-жылдын 08-июлу №37 Айдаркен шаар мэриясынын муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестирин тузүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.06.2014-жылдагы №302 токтому менен түзүлгөн "Муниципалдык кызматтардын реестирин түзүүнүн тартиби жонундо жобону" аткаруу максатында жана даярдалган Айдаркен шаар мэриясында муниципалдык кошумча кызматтардын тизмесин карап, талкуулап чыгып Айдаркен шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаар мэриясы тарабынан даярдалган Айдаркен шаардык мэриясынын муниципалдык кошумча кызматтарынын реестиринин тизмеси №1-тиркемеге негиз бекитилсин.

2. Бекитилген муниципалдык кошумча кызматтар реестиринин тизмеси шаар мэриясынын аппараты тарабынан аткарууга алынсын.

3. Ушул токтомдун аткаруусун көзөмөлдөөнү Айдаркен шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

Тѳрага

А.А. Гайназаров
