Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Таш-Булак айылдык кеңешинин «Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2018-жылдын 06-апрели №05 Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жыл №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтомуна негизденип, көчкү коркунучундагы элдердин кайрылуусун, суроо талаптарын сессияда угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жер көчкү коркунучуна дуушар болгон айылдарынын жашоочуларын көчүрүп чыгуу жана жер участкасына өтө муктаж үй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн Эски-Арал участкасындагы №134-контурдагы 10,0 (он)га, №143-контурдагы 7,0 (жети)га, жалпысы 17,0 (он жети)га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Турак жай куруу үчүн тандалган жерге мыйзам чегинде керектүү иш кагаздарын даярдап, тез аранын ичинде турак-жай курууга жер ажыратып берүү иш аракеттерин жасоо жагы айыл өкмөт башчысы Н.Самидиновго жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Жер көчкү кырсыгынан сактоо максатында ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
Тѳрага
Шермат уулу Алмаз
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон