Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бирлик айылдык кеңешинин «Бирлик айылдык өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, 2017-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 07-августу №33 Бирлик айылдык өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, 2017-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө каржы бөлүмүнүн башчысы О. Шералиевдин билдирүүсүн угуп, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Бирлик айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын жыл башына карата бюджеттик эсеп счңтунда 66112 сом акча каражаты калдык калганына байланыштуу кээ бир статьяларга тиркемге ылайык бюджеттик сметага өзгөртүүлөр киргизилсин. (№ 1,2, 3,-тиркемелер тиркелет)
2. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы –башкы эсепчи О. Шервалиевге бюджетке тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык Каржы бөлүмүнө жогорудагы өзгөрүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
К.Шакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215