# Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5383/edition/766112/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому (26.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50031

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин IVчакырылыштагы кезектеги II сессиясы

2017-жылдын 26-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы №10 токтомуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнүн угуп Нарын шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдору бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 22 депутаттын добушун алган талапкер Алымкулов Эмилбек Абдыраимович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.

Төрага

Ж. Ботоканов
