# А. Масалиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июлундагы №10/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: А. Масалиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июлундагы №10/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/4
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/500307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70881/edition/908852/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А. Масалиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июлундагы №10/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/500307

---

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А. Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2017-жылдын 17-июлу №10/3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык А.Масалиев айыл аймагында турак жай муктаждыктарын канаатандыруу максатында Кара-добо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы каттуу айдоо кайрак болгон 45.7.0га “айыл чарба багытындагы жана 2.3га башка (прочий) жерлер” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которууну жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссиянын “04” июль 2017-жылдагы №27 протоколуна негиз, айылдык Кеңеш сессиясы карап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык А.Масалиев айыл аймагында турак жай муктаждыктарын канаатандыруу максатында Кара-добо айылынын тушундагы Кожо-кайыр каналынын түштүк тарабындагы каттуу айдоо кайрак болгон 48.0га жер аянтын, айыл өкмөтүнүн тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу максатында, калктуу конуштар категориясына которуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин алдындагы турак үйдү жана жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

С. Абдурахманов
