Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токтогул шаардык кеңешинин «Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы
2018-жылдын 07-сентябры №17 Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-октябрь 2000-жылдагы № 637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндөгү” тартибининин негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы тарабынан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруусу үчүн иштелип чыккан тариф боюнча 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомунун 1-таблицасын өзгөртүп кабыл алуу боюнча “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын 30.07.2018-жылдагы № 19 кайрылуусун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин, ага ылайык:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги 1-таблицанын 1-11 пункттары, ушул токтомдун тиркемеси менен алмаштырылсын.
- 2018-жылдын 01-октябрынан баштап 1м3 катуу тиричилик калдыгын чыгаруу боюнча эсептөөлөр ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн
2. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 2018-жылдын 19-январындагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомунун тиркемесиндеги 1-таблицанын 1-11 пункттары колдонуудан алынып салынсын.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору К.ДЖумашовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага
М.Н. Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 07.09.2018-жылдагы кезекcиз VI сессиясынын № 17 токтомуна Тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген тарифтин өлчөмү
№
Статьялардын аталышы
Ченем бирдиги
Сумма, сом
1м3 катуу тиричилик калдыгын чыгаруу боюнча эсептөөлөр
1
Материалдар
сом
7
2
Күйүүчү майлар
сом
56
3
Эмгек акы
сом
169
4
Соц.камсыздандыруу төлөмү
сом
29,15
5
Бөлүмдүк чыгымдар
сом
3
6
Жалпы чарбалык чыгымдар
сом
18
7
Техникаларды ондоого кеткен чыгымдар, запастык бөлүк
сом
8
8
Амортизациялык чыгым
сом
13,85
9
Жалпы чыгым
сом
304
10
Чогулган пайда
сом
19
11
Жалпы 1 м3 катуу тиричилик калдыгын ташып чыгарууга эсептелинген баа
сом
323
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:
М.Н.Жусупахунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы N 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин…Постановление · 26.10.2000 · № 637
- Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 145 “Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана иш аткарып берүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө”…Постановление · 19.01.2018 · № 145
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон