# Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/3
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/50010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5371/edition/765647/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому (17.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/50010

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXX заседаниеси

2016-жылдын 17-майы № 30/3 Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө Айылдык маданият үйүнө сырттан келип, кино-концерт коюучу чыгармачыл топторго концерттик залды ижарага берүү жөнүндө маданият үйүнүн башчысы А.Бакаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 редакциясына ылайык Жошолу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 редакциясына ылайык Жошолу айылдык маданият үйүнө сырттан келип кино-концерт коюучу чыгармачыл топтор айыл өкмөтү менен келишим түзүүнүн негизинде иш алып барышсын.

2. Афиша илүү үчүн келген концерттик топтор айыл өкмөтү менен келишим түзүп, белгиленген акча каражатын айыл өкмөтүнүн “атайын каражат” эсебине төгүп, квитанция берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо маданият үйүнүн башчысы А.Бакаевага жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Иманахунов
